Каппадокиядагы туристтердин кызыгуусун арттырган жайлардын бири – аска монастырлары. Биз бүгүн көз жоосун алган эң бийик аска монастыры Селиме Катедрали тууралуу баяндайбыз.
Селиме сепили (түркчө Селиме калеси ) – Аксарай облусундагы Ыхлара өрөөнүнүн түштүк четинде Селиме жана Япрахисар айылдарынын ортосунда жайгашкан. Бул жай акы төлөп кирүүчү расмий музей болуп саналат. 8-9-кылымда курулган Селиме үңкүр монастыр комплекси Каппадокиянын эң популярдуу туристтик жайларынын бири. Анын курулушу 200 жылдан ашык убакытты талап кылганы жана бир эле учурда 5 миңге чейин адамды батыра алары айтылат.
Селиме сепили, ашкана
Комплекс аска бетинде, Мендерес дарыясынан 50 метр бийиктикте жайгашкан. Бул жерден өрөөнгө бийиктиктен көз салууга болот. Асканын түбүндөгү, жолдун сол жагындагы баштапкы бөлмөлөр ат сарайлар. Келген коноктор аттарын бул жерге таштап, анан узун, ийри туннель аркылуу көтөрүлүшчү. Кире бериштеги тик туннелдин тепкичтери төмөнкү короого алып барат. Бул биринчи короодо негизги жашоочу бөлмөлөр камтылган (ашкана, жуунучу бөлмө жана №1 зал). Андан ары чыгыш тарапта бир аз жогорураак, экинчи короодо кыйла кооздолгон зал жана чиркөөлөр камтылган жана коргонуу дубалы.
Селиме сепили, 1-зал
Алгач монастыр катары курулган Селиме кийин 11-кылымда кербен сарайга айланган. Бул кербен сарайлар Селжук империясынын тушунда Жибек Жолунун боюнда үч күн бою соодагерлер жана алардын малдары үчүн бекер мейманкана катары кызмат кылган. Бул Христофор Колумбдун саякаттары сыяктуу океандык экспедициялар келгенге чейин Түркияда сооданын өнүгүшүнө салым кошкон. Тилекке каршы, 16-кылымдан кийин монастыр ташталып, каралбай калган. Кийинчерээк аны айылдагы чабандар жана балдар ээлеп алып, курулушка олуттуу зыян келтирген. Селиме сепили 1992-жылы гана коргоого алынган.
Селиме монастырында мору бар чоң ашкана, кудук, мектеп, кенен кампалар, чиркөө жана турак жайлар бар. Собор (храм) монастырдын эң маанилүү имараты болуп саналат, эки катар колонналар чиркөөнү үч бөлүккө бөлүп турат. Көптөгөн дубал сүрөттөрү вандализмдин айынан жок кылынса да, бул искусство чыгармаларынын бир нече калдыктары дагы деле көрүнүп турат.
Интернеттеги кээ бир булактар хетиттер бул жерди 4000 жыл мурун иштете баштаганын айтышат, бирок чындыгында буга эч кандай далил жок. Айрым маалыматтарда, бул жерде конуштун негизделишин Рим бийлиги тарабынан куугунтукталып, үңкүрлөргө жашынган биринчи христиандар менен байланыштырат.
Кээ бир адамдар Селиме атын Осмон султаны Селим I менен байланыштырышат. Бирок Селиме бул жердин грекчеден бурмаланган аталышы деген чындыкка жакындай. Ал биринчи жолу 947-жылы Византия жылнаамаларында "Саламо" деп аталып, атүгүл монастыр катары эмес, шаар катары кездешет. Чынында эле бул жердеги таштарга оюлуп жасалган бөлмөлөрдүн көптүгүнө жана өзүнчө имараттардын урандыларына караганда, Византия доорунда Селимеде көп сандагы адамдар жашаган. Селиме үңкүр шаары 7-8-кылымда Византия Жакынкы Чыгышта мусулмандардан жеңилип, арабдар Анадолуга үзгүлтүксүз кол сала баштагандан кийин пайда болгон деген да версия бар.
Каппадокияда чептерди куруу үчүн кадимки таш болгон эмес. Жергиликтүү тургундар үчүн бир гана жол бар болчу - ал үңкүр шаарларды куруу болгон. Кандай болгон күндө да Селиме жөнүндө баянды окуп эле тим болбой, Түркияга барганыңызда өз көзүңүз менен көрүп келсеңиз арманда калбайсыз.
Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.