Кечээ, 26-ноябрда Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелдин “Эркиндик” аттуу мемуарлары жарык көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда саясатчы, Орусиянын президенти Владимир Путин 2007-жылы июнь айында Германияда өткөн "Чоң сегиздиктин" 33-саммитине сыранын айынан кечигип калганы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшкөн.
"Операторлор саммит алдында биздин бири-бирибиз менен сүйлөшүүбүздү тартып турушту. Саммитти баштоого бир гана адам жетишпей жаткан, ал Путин болчу. Биз аны кечке күттүк. Ал эмне үчүн мындай кылды? Ал кимге эмнени далилдегиси келип жатат? Же анда чындап эле көйгөй болуп жатабы деген суроолор ичиме толду. Бирок сыртыман билдирбей, башкалар менен сүйлөшүп тура бергем", - деген Меркель.
Анын айтымында, орус лидери 45 мүнөттөй кечигип келген. Андан Меркель эмне болгонун сураганда, "Бул сиздин күнөөңүз, тагыраак айтканда, Radeberger сыранын күнөөсү (Германиянын премиум класстагы белгилүү сырасы)" деп жооп берген.
Саммиттин алдында Путин сүйүктүү сырасынын бир кутусун бөлмөсүнө жеткирүүнү суранган.