АКШ президенти Жо Байден Конгресске Украинага жардам берүү үчүн кошумча 24 миллиард доллар бөлүү жана буга чейин Киевге өткөрүлүп берилгендердин ордуна америкалык армиянын курал-жарак запастарын толуктоо боюнча жашыруун өтүнүч жөнөттү. Документти Politico жарыялаган.
Басылманын маалыматына караганда, 16 миллиард доллар Украинада бар америкалык куралдын запастарын толуктоого жумшалат. Дагы сегиз миллиард долларды Украинанын коопсуздукка көмөктөшүү демилгесине (USAI) бөлүү сунушталууда, анын алкагында Пентагон жабдыктарды жана куралдарды кампаларынан түз бербестен, өндүрүүчүлөр менен келишим түзүп, анан берет.
Басылма Конгресстин азыркы президенттин бул өтүнүчүнө макул болуу мүмкүнчүлүгүн “чоң эмес” деп баалаган.