Жаңы курамдагы Ош шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү. Бул туурасында кечээ, 27-ноябрда мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, аймактык шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган депутаттарга мандаттарды тапшырды.
Анда белгиленгендей, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна “Жаңы Кыргызстан” партиясынан Болот Баетов сунушталып, жаңы келген депуттаттардын колдоосуна татыды.
Айта кетсек, шаардык кеңеш мурда 45 депутаттан турса, аймактарды бириктирүү реформасынан кийин алардын саны 51ге жеткен.