Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов мектептерде 9-класстан баштап психология сабагын киргизүү пикирин бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.
Ал муну бардык окуучулар мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайларга тапшыра бербестиги менен түшүндүрдү. Депутаттын айтымында, учурда психология сабагы ЖОЖдордо гана өтөт.
"Ааламдашуу заманы же интернеттин заманында балдар башка нукка бурулуп кетип жатат. Ошол үчүн ар бир мектепте окуу бөлүмүнүн башчыларын кесипкөй мугалимдерден коюп, тарбия сабактарына жакшы көңүл бурсак", - деди Сарыбашов.