«Мой О!» супертиркемеси автоунааларды камсыздандыруу боюнча жаңы сервисти ишке киргизди. Эми камсыздандыруу полисин үйдөн чыкпай туруп, каалаган убакта онлайн тариздесе болот. Сервис — жол кырсыгында келтирилген зыянды жаба турган ОСАГО полисин алуу процессин унаа ээлери үчүн бир кыйла тездетет.
Артыкчылыктары кандай?
1. Камсыздандыруунун суммасынан 10% кешбэк.
2. Комиссиясыз тариздөө.
3. Камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине баруу зарылдыгысыз тез жана ыңгайлуу алуу.
ОСАГОну кантип онлайн тариздейт?
1. «Мой О!» супертиркемесин ачасыз.
2. «Кызматтар» бөлүмүнө өтөсүз.
3. «Унаа» → «ОСАГО» жана камсыздандыруу компаниясын тандайсыз.
4. Маалыматтарды толтурасыз.
5. Камсыздандыруу полисин электрондук почта аркылуу аласыз.
«Мой О!» тиркемесин каалаган оператордун SIM-картасы менен Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз да, жаңы сервисти биринчилерден болуп колдонуңуз!
«О!Банк» ААК. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лиц.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.