Бүгүн, 28-ноябрда Казакстанда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун сессиясы башталды. Астана шаарындагы Эгемендүүлүк Сарайына Садыр Жапаров келди. Бул туурасында мамлекеттик башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин казак президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.
Белгилей кетсек, ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана уюмдун Баш катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.