Бишкекте №2 төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Алардын баары кыздар. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, алардын салмагы 2 килограмм 140 грамм, 1 килограмм 940 грамм, 1 килограмм 545 граммды түзөт.
Апасы 26 жашта, бул үчүнчү төрөтү. Буга чейин ал үч баланы жарык дүйнөгө алып келген.
Дарыгерлердин айтымында, эне менен балдардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.