Кочкордогу кооптуу көпүрө оңдолду

Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 1+500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда асфальт төшөлүп, калган жумуштар аткарылып жатат.

Көпүрө 3 пролеттон туруп, узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метр. Бул көпүрө аркылуу Кара-Тоо, Кум-Дөбө, Ак-Жар, Арзы жана башка айылдардан катташат.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарларынын алкагында көпүрөнүн курулушун жеринен көзөмөлдөп, белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнү тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан