Өлкөдө мугалимдер менен окуучулар арасында акыркы убактарда болгон ызы-чуу алардын ортосунда ажырымды пайда кылгандай сезим калтырган. Бирок андай эмес экендигин социалдык баракчаларда байма-бай тарап жаткан видеолордон билсек болот.
Учурда мектеп окуучулары арасында мугалимге болгон урмат-сыйды көрсөткөн жаңы тренд башталды. Анда өспүрүмдөр билим берген агай-эжекелеринин кадыр-баркын көтөрүп, күтүүсүздөн белектерди беришүүдө.
Бул видеодо да окуучулар агайын сабак учурунда күтүүсүз кубандырганын көрүүгө болот.