Ушул жылдын башынан тарта Африка аймагында маймыл чечеги (mpox) оорусунун лабораториялык жактан тастыкталган кеминде 13 миң учур катталды. Мындай маалымат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында 21-ноябрда жарыяланды.
Маалым болгондой, быйыл катталган учурлардын 97 пайызы Бурунди, Конго Демократиялык Республикасы жана Угандада катталган. ДСУ өлкөлөргө эпидемияга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүүдө.
"Габон, Түштүк Африка, Гвинея, Камерун жана Конго mpox инфекциясы коомчулукта активдүү жайылбай калган өлкө катары бааланууда. Бул эрте көрүлгөн чаралар чоң натыйжа берерин далилдеген дагы бир мисал", - деп айтылат ДСУнун маалыматында.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын жайында ДСУ mpox эпидемиясын глобалдык өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Андан кийин 70 өлкөдө 16 миңден ашуун учур катталган. Африкадан тышкары жерде mpox инфекциясынын биринчи учурлары болжол менен бир жыл мурун белгилүү болгон. 10 айдан кийин ДСУ кырдаалды көзөмөлдөп, өзгөчө кырдаалды токтотту. Жаңы эпидемия вирустун жаңы штаммынын пайда болушуна байланыштуу болушу мүмкүн.
Mpox - бул чечекке окшош белгилери бар вирустук оору, бирок анын жүрүшү көбүнчө жеңилирээк. Бул инфекциянын атайын дабасы жок. Ал адатта 2-4 жуманын ичинде өзүнөн-өзү кетет, бирок айрым учурларда, айрыкча улгайган адамдарда жана иммунитети начар адамдарда өлүм катталган. Инфекция тери аркылуу жугат.
Бул оорунун негизги белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, чарчоо, баш оору кирет. Ошондой эле териде исиркектер пайда болуп, бүт денеге тарайт. Инкубациялык мезгил 5 күндөн 21 күнгө чейин, өлүм көрсөткүчү 4 пайыздан 22 пайызга чейин.
"Маймыл чечекти" mpox деп өзгөртүү ДСУ тарабынан жаныбарларды стигматизациялоодон качуу үчүн демилгеленген. Оорунун дүйнөлүк жайылышынан кийин инфекциядан коркуп, дени сак маймылдарды зоопарктарда жана жеке питомниктерде кырып салган учурлар болгон.