Япониянын атактуу Nissan компаниясы оор каржылык кыйынчылыкта турат жана жакынкы 12-14 айдын ичинде инвестор таба албаса, компания толугу менен ишин токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Компаниянын маалыматы боюнча, каржылык кыйынчылыктар Renault компаниясынын компаниядагы үлүшүн 46 пайыздан 40 пайызга кыскартуу чечиминен кийин пайда болгон. Маселени чечүү жолдоруна банктарды же камсыздандыруу топторун инвестор катары тартуу, ошондой эле Honda компаниясынын акцияларынын бир бөлүгүн сатуу кирет.
Америка Кошмо Штаттары менен Япониядагы алсыз сатуулар Nissan компаниясын ушул айдын башында өндүрүштү дээрлик 20 пайызга кыскартуу менен 9000ден ашык жумуш ордун кыскартууга түрттү.
Үчүнчү кварталда Nissan компаниясынын кирешеси 85 пайызга төмөндөп, компания 60 миллион доллардан ашык каражатка таза чыгымга учурады.
Nissan – дүйнөдөгү эң ири автомобиль чыгаруучу япониялык компаниялардын бири. Компания 1933-жылы негизделген. Штаб-квартирасы Йокогамада жайгашкан.