Путин: Трамп коркунучта

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин анын коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Казакстанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Трампка июлда Пенсильванияда кол салуу болуп, ал кулагынан жарадар болгон. Ал эми сентябрда белгисиз адам Флоридадагы Трамптын гольф аянтчаларынын биринде мылтык менен кармалгандан кийин киши өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталган.

"Менин оюмча, ал азыр да коопсуз эмес. Тилекке каршы, АКШнын тарыхында ар кандай окуялар болду. Мен ал акылдуу адам деп ойлойм жана сактанат деп үмүттөнөм", - деди Путин.

Путин АКШдагы шайлоо өнөктүгү маалында Трамптын үй-бүлөсү жана балдары саясий оппоненттери тарабынан ар кандай кысымга алынганына ого бетер таң калганын кошумчалады. Ал мындай жүрүм-турумду "жийиркеничтүү" деп атап, Орусияда андай кылбай турганын айтты.

"Биздин бандиттер да андай кылбайт. Кылмыштуу топтор өз ара мушташканда да аялдарга, балдарга тийишпейт", - деди орус президенти.

Путин ошондой эле Украинадагы кырдаалга комментарий берип, Байдендин Украинага Орусиянын аймагына узак аралыктан сокку урууга уруксат бергенине токтолду. Орус президенти муну Трампка "артка кайтаруу" үчүн белек, же тескерисинче, саботаж деп эсептейт. Путин Трамптын “чечим табарына” ишенерин айтып, Москва диалогго даяр экенин кошумчалады.

АКШнын 46 жана 47-президенттери салттуу жолугушуусунда эмне жөнүндө сүйлөштү деген суроого Путин божомолдоодон баш тартып, "муну билүү мүмкүн эмес” деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан