Орус аскер башчысы Андрей Белоусов расмий иш сапары менен Түндүк Кореяга барды. Бул туурасында РИА Новости басылмасы жазып чыкты.
Маалымдалгандай, Орусиянын коргоо министрин Пхеньяндагы "Сунан" эл аралык аэропортунан Түндүк Кореянын аскерлер башчысы Но Гван Чхоль тосуп алган.
Расмий иш сапардын алкагында ал күч түзүмдөрүндөгү бир катар жетекчилер менен аскердик саясат багыты боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандыгы маалыматта белгиленген.