Стамбул шаарынын Европа тарабындагы Фатих жана Зейтинбурну райондорунда рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 3 миллиондон ашык жасалма евро табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Стамбулда рейд өткөрүлүп жүгүртүүгө чыгарууга даяр жасалма 3 миллион 600 миң евро, евро белгиси жана 100 деген жазуусу бар пластикалык бланктар жана ар кандай банктардын реквизиттери табылган.
Учурда кылмышка шектүү кармалып, ал жүгүртүүгө чыгарганы жаткан жасалма акчалары алынган.