"50 батир бөлүнүп берилет". Бишкекте Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңсеси ачылды

Кечээ, 29-ноябрда Бишкекте Журналисттер бирикмесинин жаңы кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Журналисттер союзунан билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Журналисттер бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев, бирикменин мурдагы төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, УТРКнын баш директору Болотбек Тиллебаев, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков, бирикменин жер-жерлердеги өкүлдөрү, ардагер журналисттер Курманбек Раматов, Эсенбай Нурушев, Мелис Айдаркулов, Нышанбек Кочкоров, Кабыл Макешов жана башкалар катышты.

Мамлекеттик катчы Касмамбетов Журналисттер бирикмесине жаңы кошулгандарга мүчөлүк күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшырды.

"Балташев аянты 100 чарчы метрден ашкан жаңы кеңсе министрлер кабинетинин жардамы менен алынганын белгилеп, бийликке ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, жакын арада Мамлекеттик ипотекалык компания курулуп жаткан үйлөрүнөн муктаж журналисттерге 50 батир бөлүп бере турганын кошумчалады – алар Журналисттер бирикмесинин мүчөсү болушу шарт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан