Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров Кореяда ассамблеянын президенти жана жашыл өсүү глобалдык институтунун кеңешинин төрагасы Пан Ги Мун менен жолугушту. Бул туурасында мамлекеттик башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Садыр Жапаров Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү, экосистемаларды сактоодогу, жашыл экономикага өтүүдөгү аракеттерди толугу менен колдой турганын жана жашыл өсүү глобалдык институту жана башка эл аралык демилгелер менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.
Пан Ги Мун өз кезегинде акыркы жылдары Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чындап эле тез болуп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан жакын арада климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашыраарына ишенимин билдирип, кыргыз тарапты Кыргызстандын демилгелерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн эл аралык аянтчаларда көбүрөөк чыгууга чакырды.
Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров Пан Ги Мунду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, ал болсо ыраазычылык менен макул болуп, кийинки жылы келүү ниетин тастыктады.