Мамашова Ташиевге Онкология борборуна мурдагы директордун күйөө баласы дайындалганын айтты (видео)

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Улуттук онкология жана гематология борборунун директору кызматына мурдагы жетекчинин күйөө баласы дайындалганын айтып чыкты.

Эл өкүлү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ал жакта көптөгөн көйгөйлөр бар экенин айтып, ошол багыттта иш алып барып жаткан жарандар жана бейтаптар андан суранып жатканын белгилеп, аларды кабыл алуусун өтүндү.

"Бүгүнкү күндө эл арасында Онкология борборун коррупциянын борбору деп айтышат. Анткени жөнөкөй жарандар акысыз дары-дармектерди эч качан ала албайт. Ал жактагы бир эле дары 25 миңден 300 миң сомго чейин. Химиотерапияны алыш үчүн жок дегенде 3-4 дары алыш керек. Ишенесизби, мындан улам кээ бир бейтаптар үй-бүлөмдү кыйнабай өлгөнүм эле артык деген чечимге келип дарыланбай коюшат, ошого жеттик.

Ал жакта жаңы медициналык жабдыктар жок. Онкологиянын врачтары жатканга орун жок дешип, өздөрүнүн жеке клиникаларына жөнөтүшөт. Мурда ошол схеманын баарына онкологиянын мурунку жетекчисинин катыштыгы бар болчу. Сиз уктуңузбу же жокпу билбейм, бүгүнкү күндө Онкология борборуна мурдагы жетекчинин күйөө баласы директор болуп дайындалды. Эки эле күн болду. Ал дагы кайненесинин жеке клиникасында иштеп бул схеманын ичинде жүргөн", - деди Мамашова.

11-октябрда Айсулуу Мамашова Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчисин сынга алган. Эл өкүлү Бактыгүл Султангазиеваны жеке менчик клиникасы менен алек болуп жүрөт деп айыптап, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди көзөмөлгө алууга чакырган.

6-ноябрда Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулган.

25-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Мамашова онкология борборунун директорлугуна сунушталган талапкерлердин арасында аталган мекеменин мурдагы жетекчиси Бактыгүл Султангазиеванын күйөө баласы бар экенин билдирген.

3-декабрда Султангазиеванын ордуна Нурбек Букуев директор болуп дайындалган. Жаңы жетекчини эмгек жамаатка министр Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырган.

Жогорку Кеңеш 05.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан