Грузиядагы ИИМдин мурунку башчысы Давида Кезерашвилинин үйүнөн катылган курал-жарактар, ок-дарылар табылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалымдалгандай, укук коргоо кызматы тарабынан экс-министрдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда бир бөлмөдө мыйзамсыз жана мыйзамдуу да куралдар табылган.
Учурда ал үйдө чиновниктин кайнагасы Дмитрий Чиковани жашай тургандыгы аныкталган. Ал оппозициячыл партиялардын биринин басма сөз катчысы болуп эмгектенет.
Ал эми чет өлкөдө жашаган Давида Кезерашвили Грузиянын бийлиги тарабынан издөөгө алынган.