Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аба-ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу жолдор тайгак болуп жаткандыгын эскертет.
Мекеменин маалымат кызматы өзгөчө Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолундагы абал кооптуу экендигин билдирген. Андыктан айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүдө баардык жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Видеодо жолго инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүп жаткандыгын көрүүгө болот.