Дамасктан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан сириялык Седная түрмөсүндө жер астындагы жашыруун камераларды ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Түркиянын ТРТ басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Сириянын жарандык коргонуусу (Ак каскачандар) тирүү калгандардын жер астындагы камералардагы туткундардын эсебин текшерүү үчүн атайын беш топ жөнөттү. “Ак каскачандар” уюмунун директору Раед Аль-Салехтин айтымында, операцияга түрмөнүн схемасы менен тааныш эки гид катышууда. Куткаруучулар вентиляциянын начардыгынан тумчугуп калуу коркунучунда турган туткундарды бошотууга аракет кылууда. Жер астындагы деңгээлдерге кирүү үчүн электрондук эшиктердин кулпусун ачуу керек. Жергиликтүү бийлик мурдагы жоокерлерди жана түрмө кызматкерлерин кирүү коддорун берүүгө чакырды.
Социалдык тармактарда абактагылардын бошотулуп жатканы тартылган тасмалар тарап жатат. Видеодон абактагылар кыйноодон улам баса албай калганын көрүүгө болот.
"Биз жарым саат мурун өлүм жазасына тартылышыбыз керек эле. 54 киши... Биздин өлүмүбүз бүгүн болушу керек болчу”, - деген эркиндикке чыккандардын бири.
Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, 2011-жылдагы көтөрүлүштөн кийин Седная түрмөсү Асад режиминин кыйноо борборуна айланган. 2011-жылдан 2015-жылга чейин бул жерде жума сайын 50гө жакын адам дарга асылып массалык түрдө өлтүрүлгөн. Эл аралык Мунапыс уюму 2017-жылы түрмөдө болуп жаткан окуяларды адамзатка каршы кылмыш катары баалаган.