Шерзат Болаттын трагедиялуу өлүмү: Каза болгон агасынын унаасы табылды (видео)

Коңшу Казакстандын Алматы облусунун ички иштер башкармалыгы маркум Шерзат Болаттын каза болгон агасынын унаасы тууралуу социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча комментарий берди.

Буга чейин интернетте Шерзат Болаттын агасы Нурганаттын унаасы табылганы тууралуу видео тараган. Анда маркумдун жакындары унаа токтогон ордунан жылгандыгын айтышкан.

"Биздин бир тууганыбыз ушул жерде каза болгон. Ыкчам топ унааны ордунан мыйзамсыз жылдырган, алар бизге эч нерсе көрсөткөн эмес", - деди видеонун автору.

Бул видео боюнча казак полициясы билдирүү таратты. Билдирүүсүндө алар унаа тыкыр текшерүүдөн өткөндөн кийин маркумдун жакындарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

"Унааны каза болгон 30 жаштагы жарандын сөөгү табылган жерден алыс эмес жерде анын жакындары таап чыгышкан. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери билдирүү түшкөндөн кийин дароо келишкен. Укук коргоо органдары тарабынан белгиленген тартипте ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Полиция тарабынан тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде унаа тыкыр текшерүүдөн өткөндөн кийин унаа жакын туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шерзат Болаттын агасынын унаасы табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан