Тышкы иштер министрлиги Сирияда кырдаал турукташканга чейин Кыргыз жарандарын ал жактан чыгып кетүүнү сунуштады. Бул тууралуу министрликтин маалыматында жазылат.
Ага ылайык, министрлик Сириядагы кырдаал тыкыр көзөмөлдө экенин айтып, Кыргыз жарандарын коопсуздук чараларын сактоого чакырды.
"Кырдаал турукташканга чейин министрлик жарандарга Сирия Араб Республикасынын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт", - деп жазылат маалыматта.
Зарыл болгон учурда Кыргыз жарандары консультация же жардам алуу үчүн төмөнкү ыкчам телефондору аркылуу кайрыла алышат:
Белгилей өтсөк, Сирия оппозициясы 8-декабрда Башар Асаддын режимин кулаткан. Асад өзү Орусияга качып кеткен. Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги режимдин мурдагы лидери Москвада баш калкалаганын ырастады.