Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов улуу кызы Огулжахан Атабаеваны камкордукка муктаж балдарга жардам берүү боюнча кайрымдуулук фондунун дарылоо иштери боюнча вице-президенти кызматына дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, ал бул кызматка 7-декабрда Аркадак шаарында кайрымдуулук фондунун башкармалыгынын жыйынында дайындалды.
Огулжахан Атабаева Түркмөнстандын Лондондогу элчилигинде кеңешчи болуп иштеген Довлет Атабаевдин жубайы.
Гурбангулы Бердымухамедов менен жубайы Огульгерек Бердымухаммедованын Сердар аттуу уулу, Огулжахан жана Гүлшан аттуу эки кызы бар. Уулу Сердар атасынын ордуна мамлекет башчы болуп келген.