Билим берүү жана илим министрлиги Сокулуктагы бала бакчада чарчап калган 5 жаштагы наристе тууралуу маалымат берди.
Мекеме билдиргендей, окуя 22-октябрда Сокулуктагы №4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон. Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан
кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Буга удаа министрлик окуя катталган күнү эле комиссия түзгөн. Алар бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.
"Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
Айтас кетсек, Чүй облустук милициясы бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын
билдирген.