Байден менен Трамп бир арага келди

CNN телеканалы АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Дональд Трамптын командасы менен Газа тилкесинде тынчтыкка жетишүү жана Израил менен ХАМАСтын ортосунда туткун алмашууну уюштуруу аракеттерин координациялап жатканын билдирди.

Маалымат булактары Байден буга президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жетүүнү максат кылып жатканын айтышууда. 20-январда кызматка кирише турган Дональд Трамп да инаугурацияга чейин элдешүү жана туткундарды алмашуу идеясын колдойт.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 11-декабрда Израилге барат. Ал учурдагы кырдаалды, анын ичинде Ливандагы элдештирүү, Сириядагы окуялар жана ХАМАС менен туткундарды алмашуу сүйлөшүүлөрүн талкуулайт деп күтүлүүдө.

Буга чейин америкалык сенатор Линдси Грэм Трамп инаугурацияга чейин Газада ок атышууну токтотууну жана туткундарды бошотууну каалай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан