"Ыйман нуру" партиясы кийинки шайлоого катыша албай калышы мүмкүн. Себеби

Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясы кийинки шайлоого катыша албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда парламентте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Азамат Юсупов билдирди.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

Анда депутат Бакытбек Марипов Азамат Юсуповго кайрылып, документтин 9-беренесинде саясий партияларды динге тиешелүү ат менен атоого болбой турганы жазылганын белгилеп, мыйзам күчүнө кирсе, "Ыйман нуру" фракциясы кийинки шайлоого катыша албай калабы?" деп суроо салды.

Юсупов жаңы мыйзам кабыл алынса, динге тиешелүү аты бар саясий партиялар, анын ичинде "Ыйман нуру" келерки шайлоого катыша албай каларын ырастады.

Министрлер кабинети сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, диний агымдарды жайылтуу максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.

Мындан сырткары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.

Документти бүгүн Жогорку Кеңештин үч комитети биринчи окууда жактырды.

Жогорку Кеңеш 10.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан