Быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жыл аягына чейин дагы 2 операция жасалат. Кеткен чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.
“Мындай операциялар улуттук борбордун базасында кыргызстандык хирургдардын аракети менен 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Жалпы 62 операция жасалып, анын 20сы 2024-жылы жасалды. Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоону «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ишке ашырат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен каржыланган мындай операциядан 50нү жасоо пландалууда.