Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-декабрда жумуш сапары менен Москва шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Жапаров иш сапардын алкагында 12-13-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка маселелер талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан