Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 12-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Чопо таш” компаниясынын кум жана шагыл өндүрүүчү заводунун ачылыш аземине катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, заводдун курулушу үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер бөлүнүп берилген. Заводдогу кум жана шагыл өндүрүүнүн жалпы кубаттуулугу 600 тоннаны түзөт, ишкананын экинчи багыты бетон өндүрүүгө багытталган. Учурда 60ка жакын адам жумуш оруну менен камсыз болду, келечекте ишкананын кубаттуулугу артары жана жумушчулардын саны дагы жогорулашы күтүлүүдө.
Заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан Төрөбаев өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар ишкерлерди мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бул компания дуушар болгон маселерди өз убагында чечүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.