Айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына айлык акы төлөнө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда муфтий Абдулазиз Закиров парламентте билдирди.
"Жакында эле Садыр Жапаровдун демилгеси менен 232 айыл өкмөттүн баш имамдарына 8 миң сомдон айлык бериле баштады" - деди ал.
Белгилей кетсек, жыйында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.