Израил Сириядагы аскердик буталарга бир катар аба соккуларын жасап, өткөн аптада өлкө боюнча 500 бутага 1800дөн ашык бомба таштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда, чабуулдар Сириянын абадан коргонуу системалары менен стратегиялык аскердик объектилерин бутага алды. Жергиликтүү булактар Израил күчтөрү Сириянын түштүгүндөгү кургактык операцияларын басып алган Голан дөңсөөлөрүнө чейин кеңейткенин кабарлашты.
Израилдин аскерлери Кунейтра провинциясындагы аль-Хуррия, Рувайхина жана Умм Батна сыяктуу шаарларга киришкени кабарланууда. Бул райондордун жашоочулары мажбурлап эвакуациялануу коркунучуна дуушар болушат, анткени Израилдин аскерлери “стерилдүү коргонуу зонасын” түзүүгө умтулуп жатышат – бул 1974-жылдагы куралдуу күчтөрдү ажыратуу келишимин түздөн-түз бузуу болуп саналат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 9-декабрда Израил 1974-жылкы келишимди бир тараптуу жокко чыгара турганын, анткени документке кол койгон Башар Асаддын режими кулаганын билдирген. Нетаньяху ошондой эле Голан дөңсөөлөрүнүн "түбөлүк Израилдин бир бөлүгү" бойдон кала турганын айтты. Премьер-министр ошондой эле АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка 2019-жылы Голандын аннексияланышын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, Вашингтондон башка эч ким аннексияны мыйзамдуу деп тааныган эмес.
Буфердик зонага көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн Израил танктар менен жөө аскер бөлүктөрүн жайгаштырды жана жергиликтүү тургундарды мажбурлап көчүрө баштады. Бул сириялыктардын жана чек арадагы жамааттардын лидерлеринин каршылыгын жаратып, алар өз үйүндө калуу ниетин билдиришкен.
Израилдин агрессиясы Башар Асаддын режими кулатылгандан кийин күчөдү. Бийликтен кулагандан бери Израил жарандык жана аскерий инфраструктурага 500гө жакын аба соккусун жасады. Тель-Авив Сириянын аскер-деңиз күчтөрүн жана абадан коргонуу системаларын жок кылганын ырастады. Израилдин согуштук учактары атүгүл, Латакия портуна жакын жерде орус согуштук кемелери бар экенине карабай чабуул жасашкан.
БУУнун өкүлдөрү Израилдин аракеттерине тынчсыздануусун билдиришти.