Франциянын жаңы премьер-министри дайындалды

Франциянын жаңы премьер-министри болуп 73 жаштагы Франсуа Байру дайындалганын Елисей сарайы билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Байру билим берүү министри болуп иштеген жана 2002, 2007 жана 2012-жылдагы шайлоолордо президенттикке талапкер болгон.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Франциянын Улуттук жыйыны мурунку премьер-министри Мишель Барньенин өкмөтүн ишенимсиз деп таап, резолюция кабыл алган. Бул 1962-жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Мындай чечимди кабыл алуу үчүн орточо 289 добуш керек болчу. Натыйжада 331 добуш менен кабыл алынгандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан