Бүгүн, 13-декабрда Башкы прокуратурада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Конституциялык соттун мурдагы төрагасы жана экс-башкы прокурор Асанбек Шаршеналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Митинг-реквиемге башкы прокурор Максат Асаналиев, прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, маркумдун жакындары жана кесиптештери катышты.
Коштошуу зыйнатында Максат Асаналиев сөз сүйлөп, Асанбек Шаршеналиевичтин өмүр жолун, мамлекеттик кызматтардагы жетишкендиктерин, өлкөдөгү укуктук системаны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эскерип, анын кесипкөйлүгү, мыйзамдуулукка болгон умтулуусу жана жетекчи катары алып барган ишмердүүлүгү Кыргызстандын укук системасынын тарыхында өчпөс из калтырганын белгилеп өттү.
Юридика илимдеринин доктору Асанбек Шаршеналиев 85 жаш курагында 11-декабрда бул дүйнө менен кош айтышкан.