Украина Польша, Румыния, Словакия, Венгрия жана Молдовадан 13 миң мегаватт-сааттан ашык электр энергиясын импорттоону суранды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Украин бийлиги Орусиянын аткылоосу өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын оор абалда калтырганын белгиледи. Маалыматка караганда, учурда Львов облусунда 481 миңге жакын үй-бүлө жана Тернополь облусунда керектөөчүлөрдүн жарымы электр жарыгысыз калууда.
Орусиянын электр станцияларына жана электр өткөргүч линияларына тынымсыз чабуулдары кырдаалды ого бетер курчутуп жатат. Эң ири чабуул 28-ноябрда болгон. Украинанын Энергетика министрлиги орусиялык соккулар 12 энергетикалык объектиге зыян келтиргенин билдирди.
New York Times (NYT) гезитинин жазганына караганда, Орусия Украинанын электр тармактарындагы негизги байланыштарды үзгүлтүккө учуратуу үчүн электр линияларына басым жасоодо.
Украинанын энергетика тармагы кол салуулардан гана эмес, ресурстардын жетишсиздигинен да жапа чегип жатат. Күн батареяларынын кубаттуулугун жогорулатуу сыяктуу пландаштырылган долбоорлор күтүлгөн натыйжаны берген жок.