Бишкек шаарындагы Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 14-декабрда болгон. Анда Honda Civic жана Honda Accord сүзүшкөнү такталган.
Бактыга жараша, жол кырсыгынан жабыркагандар жок. Ал эми унаалар айып короосуна токтотулду.
Белгилей кетсек, окуяга күбө болгондор алгач "Тез жардам" кызматын чакырып, андан кийин 102 кызматына кайрылышканы белгилүү болду.