Бүгүн, 14-декабрда Ноокат районунун Шаңкол айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, ал саат 10:50дө өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 67 жаштагы киши каза болуп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.