Таиланддын түндүк-батышында кайрымдуулук жарманкесинде болгон жардыруудан кеминде төрт киши каза болуп, 40тан ашуун жаран жаракат алды. Мындай маалымат дүйнөлүк басылмаларда кабарланды.
Маалым болгондой, жардыруу кечээ,13-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча 23:30да Таиланддын түндүк-батышында Так провинциясында болгон.
Анын кесепетинен эки жаран жеринде каза болуп, дагы экөө ооруканада жан берген. 48 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Аталган кайрымдуулук жарманкени Кызыл Крест уюму уюштурган.
Ал эми укук коргоо органдары жардырууга шектүү эки жаранды кармашкан. Алар 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр экени айтылды.