Грузиядагы шайлоочулар коллегиясы "Грузин кыялы" партиясы көрсөткөн Михаил Кавелашвилини президент кылып шайлады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Анда маалымдалгандай, ал шайлоочулар коллегиясынын 224 добушун алган. Кавелашвилини шайлоо үчүн коллегиянын 300 мүчөсүнүн кеминде 200 добушун чогултуу керек болчу. Ал шайлоонун жыйынтыгы менен Грузиянын алтынчы президенти болду.
Бул жолу аталган өлкөдө мамлекет башчысы биринчи ирет атайын шайлоо коллегиясынын жардамы менен шайланды.
Эске салсак, Грузиянын экс-президенти Саломе Зурабишвилинин ыйгарым укуктары 16-декабрда аяктайт. Ал эми жаңы шайланган өлкө лидеринин инаугурация 29-декабрда болоору кабарланган.
Грузия - парламенттик башкаруу формасындагы республика. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган өкмөт ишке ашырат.