Бүгүн, 17-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Транспорт министрлиги тарабынан түнү менен тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлдү.
Азыркы тапта да жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго, өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары уланууда.