Жылды ийгиликтүү аяктоо — бул натыйжалуу ишти тастыктоочу жыйынтыктар. Beeline Кыргызстан жана Balance.kg. үчүн декабрь айы ири эл аралык аянттарда татыктуу баага татыгандыгын салтанат менен белгиледи.
Beeline: «Коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат» номинациясындагы жеңиш
12-декабрда Кыргызстандагы Америкалык Соода палатасынын мүчөлөрүнүн жылдык жыйыны — AmCham GALA – 2024 болуп өттү. Иш-чара бизнесмендерди, дипломаттарды, мамлекеттик кызматкерлерди жана башка ардактуу конокторду бириктирди. AmCham Awards – 2024 сыйлык тапшыруу аземинде Beeline Кыргызстан «Коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат» номинациясы боюнча сыйлыкка татыды. Бул компания кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, социалдык жоопкерчилик жаатында лидер бойдон кала берээрин дагы бир жолу тастыктайт.
— Beeline жаштардын өнүгүүсүнө, билимин жакшыртууга жана санариптик технологияларды баарына жеткиликтүү кылууга жардам берген социалдык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурууну улантууда. Бул сыйлык — биздин позитивдүү өзгөрүүлөргө болгон умтулуубуздун натыйжасы жана биз AmCham биздин аракеттерибизди татыктуу баалап жатканы үчүн ыраазыбыз, — деди Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.
Белгилей кетчү нерсе, сыйлыкты алгандан кийинки күнү Beeline жаңы социалдык долбоорду сунуштады. Компания Жалал-Абад областынын Жерге-Тал айылындагы М. Орозалиева атындагы №11 орто мектебинде ноутбуктар жана башка жабдуулар менен жабдылган заманбап компьютердик класс ачты. Мектеп администрациясы Beeline’ды билим берүүнү санариптештирүүгө кошкон маанилүү салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ыраазычылык катын тапшырды.
Balance.kg: инновациялар үчүн VISA тандоосу
Декабрь айында Balance.kg VISAдан жаңы Balance Card өнүмүн ийгиликтүү чыгаргандыгын үчүн сыйлык алды. Бул Visa Gold премиалдык картасы, ал төмөнкүлөрдү сунуштайт:
— Balance.kg биздин колдонуучулардын жашоосун ыңгайлуу жана пайдалуу кылган инновациялык финансылык чечимдерди жаратат! Мындай инновациялардын арасында Биздин жаңы Balance Card өнүмүбүз бар. Биздин ишибиз VISAнын тандоосуна ээ болгондугуна жана бул ардактуу сыйлыкка ээ болгонуна биз абдан сыймыктанабыз, — деди Balance.kg жетекчиси Владимир Ким.
Beeline Кыргызстан жана Balance.kg жогору баа бергендиги жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн өнөктөштөргө жана кардарларга ыраазычылык билдирет. Бул жетишкендиктер келечектеги долбоорлорго, инновацияга жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштөөгө түрткү берет.
Бул мүмкүн! Бул Beeline!