"Бийиктиги 28 метр". Токмок шаарынын башкы балатысы жанды (видео)

Токмок шаарында быйыл бийиктиги 28 метрге жеткен балаты орнотулду. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэриясы бүгүн, 19-декабрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылып, атайын концерттик программа уюштурулган. Ага ырчылар Сыймык Бейшекеев, Нурлан Насип, Алтынбек Кыдыралиев, Адил Касенов, Шухрад Якубов жана башка өнөр адамдары, бийчилер катышкан.

Иш-чарада шаардын тургундарын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев куттуктап, бул жылдагы болуп өткөн ийгиликтер менен бөлүшүп өттү.

Токмок шаары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан