Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында 82 жаштагы аксакал өрт кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, ал 7-январда өз үйүндө чыккан өрттөн улам түтүнгө ууланып калган.
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.