Президент Садыр Жапаров буга чейинки ээлеген кызматтарынан бошотулган Абдикарим Алимбаев менен Айбек Шаменовду жаңы кызматка дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалса, Абдикарим Алимбаев КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Абдикарим Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келсе, Айбек Шаменов УКМК төрагасынын орун басары болчу.