Түштүк Кореянын Министрлер кабинети убактылуу кызматынан четтетилген өлкө президенти Юн Сок Ёлго жана анын жубайы Ким Гун Хиге карата териштирүү боюнча мыйзам долбоорлорун караган жок. Бул тууралуу Yonhap басылмасына шилтеме берүү менен ТААС агентиги жазды.
Учурда президенттин милдетин убактылуу Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су аткарып жатат.
Буга чейин 12-декабрда парламент биринчи айым Хини иликтөө боюнча мыйзам кабыл алган. Ал баалуу кагаздар боюнча алдамчылыкка жана коррупциялык иштерге шектелүүдө.
Ал эми 14-декбарда парламент өлкө башчысы Ёлго 3-декабрда Түштүк Кореяга аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу импичмент жарыялоо маселесин карап жактырган. Мындан мурун депутаттар Юн Сок Ёлдун аскердик абалды жарыялоосуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган. Мындан улам Ёл 2 жолу суракка чакыртылып, ал баруудан баш тартканы маалым болгон. Ёл суракка келбей койгонуна байланыштуу коррупцияга каршы тергөө башкармалыгынын башчысы президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Буга улай оппозиция парламентке президентке импичмент жарыялоо долбоорун алып кирген. Бирок көпчүлүктү түзгөн бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен. Ошентип Ёл биринчи импичмент маселесинен кутулган болчу. Көп өтпөй Түштүк Кореянын Юстиция министрлиги президенттин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.
Болуп өткөн окуядан кийин аскердик абал жарыялоону сунуш кылган коргоо министри Ким Ён Хён камакка алынган. Корея полициясы бул ишке байланыштуу премьер-министр Хан Док Су баш болгон 10 министрди суракка чакырганы дагы белгилүү болгон. Аскердик абалдын жарыялануусуна тиешеси бар делип Улуттук полиция агенттигинин башкы комиссары Чо Чжи Хо менен шаардык полициянын башчысы Ким Бон Сик дагы камакка алынышкан.
Түштүк Корея полициясы тинтүү жүргүзүү үчүн президенттик администрациянын имаратына барып, ал жакка мамлекет башчысынын коопсуздук кызматынын каршылыгынан улам кире албаганы дагы айтылган.