MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2024-жылды техникалык жана коммерциялык өнүгүү жагында, ошондой эле корпоративдик социалдык жоопкерчилик долбоорлорун ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерди көрсөтүү менен аяктап жатат. Бул жыл, Кыргыз Республикасындагы алдыңкы байланыш операторлорунун жана санариптик провайдерлеринин бири катары компаниянын статусун бекемдөө менен жаңы жетишкендиктердин символу болуп калды.
Быйылкы жылы MEGAнын негизги артыкчылыктарынын бири – аймактарда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү болду. Компания алыскы калктуу конуштарда, ошондой эле стратегиялык маанидеги жолдордун тилкелеринде жаңы базалык станцияларды ийгиликтүү орнотуп, жашоочуларды туруктуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыз кылды. Бул аракеттер кыргызстандыктарга заманбап телекоммуникациялык экосистеманын артыкчылыктарын сезүүгө мүмкүндүк берди.
2024-жыл MEGA үчүн технологиялык жетишкендиктердин жылы болду. Компания тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган алдыңкы чечимдерди ишке киргизди. Жаңы санариптик өнүмдөр жана кызмат көрсөтүүлөр мобилдик байланышты колдонууну мурункудан да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылды.
MEGA адистештирилген мектептерде IT-класстарын ачуу менен билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошууну улантууда. Бул мейкиндиктер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар технология менен иштөө боюнча базалык билимдерди ала алган жай болуп калды, бул аларды санариптик дүйнөнүн чакырыктарына даярдоого жардам берет. Ошондой эле, жыл ичинде компания өлкөнүн бардык аймактарынан таланттуу жаштарды, стартаптарды жана IT-эксперттерди бириктирген бир нече хакатондорго колдоо көрсөттү. Бул иш-чаралар келечектүү долбоорлорду аныктоого жана башталгыч иштеп чыгуучуларды колдоого жардам берди.
Социалдык жоопкерчиликтүү компания катары MEGA салттуу түрдө өзгөчө камкордук менен, адистештирилген билим берүү мекемелеринин окуучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен, мугалимдерди - Мугалимдер күнү менен, ардагерлерди - Жеӊиш күнү менен, көп балалуу энелерди - Энелер күнү менен куттуктады. Мындай демилгелер компаниянын калктын ар кандай топторун колдоого социалдык жоопкерчиликтүү мамилесин чагылдырат.
100%ы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык оператор катары MEGA бардык кирешелерин өлкөнүн бюджетине багыттоо менен, экономиканы чыңдоодо жана жарандардын бакубаттуулугун камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Жылдын жыйынтыгында «Альфа Телеком» ЖАК (СМ – МЕGА) мамлекеттик бюджетке 3,5 млрд сомдон ашык суммада төлөмдөрдү жүргүздү.
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 18 жылдан бери Кыргызстандын бардык жарандарына жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти жана сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүп, өлкөбүздүн санариптик трансформациясына жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу менен өзүнүн миссиясын ишенимдүү аткарууну улантып келет.
2025-жылга MEGA командасы компания тарабынан көрсөтүлгөн сервистердин деңгээлин сапаттык жактан жакшыртууга мүмкүндүк берген көптөгөн иш-чараларды пландаштырды. Биз тармак менен камтууну көбөйтүү, байланыш кызматтарынын спектрин кеңейтүү жана санариптик сервистерди жайылтуу боюнча иштерди улантабыз.
Тейлөөнүн жогорку деңгээли, өнүмдөрдүн кеңири тандоосу, ачык-айкын жана пайдалуу тарифтер – бул багыттардагы иштер MEGA компаниясына – ISO 9001:2015 версиясынын сапат менеджменти системасынын эл аралык сертификациясынан өткөн, Кыргызстандагы алгачкы уюлдук операторго – уюлдук байланыш рыногунда алдыңкы позициясын бекемдөөгө жардам берет.