Ош шаарынын четки аймактарынын бири Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бир топ иштер жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймакка жалпысынан 15 чакырым электр чубалгылары тартылып, 5 трансформатор жана түнкү жарыктандыруу орнотулду.
Белгилей кетсек, аталган конушта 100гө жакын жеке турак жайлар бар.