ИИМ орун басардын айдоочусу жана тергөөчү суракка алынды делген маалымат боюнча билдирүү жасады

Ички иштер министринин орун басарынын айдоочусу менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

"9-январда жалпыга маалымдоо каражаттарына ИИМ министринин орун басарынын айдоочусу менен ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылган деген шек менен кармалганы тууралуу маалымат тараган. Анда айдоочу мурда алган акчасын кайтарып берип жаткан жеринен кармалганы жазылган.

Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана чыныгы жагдайлар башкача. Ооба, чын эле ИИМ министринин орун басарынын айдоочусу менен ИИМдин тергөөчүсү УКМКнын тергөө органдарына күбө катары суракка чакырылган. Сурак бүткөндөн кийин кайра бошотулушкан", - деп билдиришти ИИМден.

Ички иштер министрлиги тастыкталган маалыматты гана таратууну өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан