Бишкектеги Искусство университетинин жаңы имараты курулат

Бишкек шаарында жайгашкан Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин жаңы имаратын курууга долбоорлоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган маселе боюнча тиешелүү органдар тарабынан түзүлгөн комиссия окуу жайга барып, жаңы имарат салынуучу жерди көрүштү.
Комиссиянын башында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакунов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан