Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Орусиянын президенти менен диалог жүргүзүү каалоосун кубаттай турганын билдирди. Бирок, анын айтымында, азырынча жолугушуунун конкреттүү планы жок. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
“Азырынча так маалымат жок. Трамп мырза Ак үйдөгү кабинетине киргенден кийин конкреттүү кыймылдар боло баштайт окшойт”, - деп айткан Песков пресс-конференция учурунда.
Айта кетсек, Трамп жолугушуу боюнча өз позициясын билдирген. Сүйлөшүү Украинадагы согуш маселесинин алкагында болмокчу.
Белгилей кетсек, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январга белгиленген.